Роза Даудова атындагы окутуу аудиториясы ачылды

2017-жылы 22-мартта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Роза Даудова атындагы окутуу аудиториясынын ачылыш салтанаты болуп өттү .

Жогоруда аталган иш-чаранын ачылыш тасмасын кесүү укугу Роза Даудованын жолдошу  Бектурат Кулатаевге , Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыровго жана  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинскийге берилди.

Иш-чаранын  катышуучулары Роза Даудованы жана анын кошкон салымдары менен эмгектерин эскеришти.  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров  Роза Даудованын мамлекеттик кызматка кошкон өзгөчө салымын белгилеп, ар жылы 22-мартта анын туулган күнүнүн урматына  атайын иш-чаралар уюштуруларын айтты. Маркум Роза Даудованын жакындары жана туугандары мындай урмат жана сыйга ыраазычылыктарын билдиришти.

Ал эми бул иш-чаранын экинчи бөлүгүндө “ Кыргыз Республикасындагы  мамлекеттик кызматтын өнүгүүсү” деген темада лекция  болду. Анын лектору  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский болду.

Кыскача маалымат: Р.Т. Даудова (1952-жылы 22-март - 2017-жыл 1-январь)  КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга кошумча билим берүү институтунун директору,  (учурдагы аталышы Администирлөө жана  башкаруу боюнча жогорку курстары) болуп иштеп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга  кошумча билим берүү системасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анын жетекчилиги менен 2012-2016-ж.ж. 886 курстар жана тренингдер өткөрүлүп, ага 14165 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышкан.

Р.Т. Даудованын  Мамлекеттик кызматта 25-жылдык эмгек тажрыйбасы бар эле, ошондой эле анын жетекчилик кызматтарда да чоң тажрыйбасы бар болчу. Кыргыз Республикасынын билим берүүсунүн мыктысы, Мамлекеттик кызматтын III класстагы Мамлекеттик кеңешчиси чини бар эле.