Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна кирген өлкөлөрдүн мүчөлөрү Кыргызстандагы мамкызматтын модели менен таанышышты

 Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун штабында КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев “Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызмат: жетишкендиктери жана перспективалары” деген темада презентациясын  жасады.

Презентация учурдагы  мамкызматтын модели, анын өнүгүү этаптары жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү реформанын негизги багыттары, ошондой эле  “Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамдын инновациялары тууралуу болду.

Бул иш-сапардын алкагында  делегация  Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун мамлекеттик башкаруу жана аймактык өнүгүү  маселелери боюнча директору Рольф  Альтер менен, ошондой эле мамлекеттик башкаруу жана аймактык өнүгүү Директораттар тобу жана жетекчилик менен жолугушту. Тараптар биргелешкен  кызматташуулардын абалы, Директораттын мандатын жана түзүмүн талкуулашты. 

Рольф Альтер кызматташууну бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолуп,   Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун принциптерин жана стандарттарын  жайылтуу  боюнча биргелешкен иш-чараларды  Астана Хабынын платформасы аркылуу мындан ары да өткөрүп турууга даяр экенин айтты.