Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат

Бул тууралуу маалыматтык талдоо иштери  жана өнүктүрү бөлүмүнүн башчысы Н. Бегалиева кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин квалификациялык системасын өнүктүрүүгө арналган  тегерек үстөлдө айтты.

      Иш-чара   2017-жылы 31-январда «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен Бишкек шаарында өттү. Ага  мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес  жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Жогорудагы иш-чарада “Экономикалык палата” ассоциасынын долбоорунун жетишкендиктери жана жыйынтыктары талкууланды. Анда эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен квалификациянын кесипкөй стандарттары иштелип чыккан. Ал эми Мамлекеттик кадр кызматы долбоорду ишке ашыруу учурунда аларга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүнө караштуу маселелер боюнча  кеңештерин берген.

 

     Ошондой эле Н. Бегалиева Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан  мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жакшыртуу, кадрлардын кесипкөйлүгүн  арттыруу жана аларды өнүктүрүү  боюнча  аткарылган иштер тууралуу айтып берди.