КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Алмаз Аттокуров Страсбургдагы Европа Кеңешинин Кыргызстандагы өкүлдөрүн окутуу сапарына катышты

Кыргыз Республикасы менен Европа Кеңешинин “ Кыргыз Республикасында коррупцияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” долбоорун ишке ашыруу алкагында,  Европа Кеңеши (Страсбург, Франция)  Кыргызстандагы өкүлдөрү үчүн окутуу сапарын өткөрдү. Ага Мамлекеттик кадр кызматынын  коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу  Алмаз Аттокуров катышып келди.  

Жогорудагы иш-чаранын алкагында,  Кыргызстандан барган өкүлдөр Европа Кеңешинин Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Иван Коеджиков, ГРЕКОнун аткаруучу катчысы, Адам укуктары боюнча Европа сотунун  иш алып баруу жана иш кагаздарын түзүү  бөлүмүнүн юристи жана  жогорудагы Кеңештин башка да  кызматкерлери менен жолугушушту. Алар Кыргызстандан барган өкүлдөргө Европа Кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүүнүн стандарттары боюнча  лекцияларын окушту.