КРнын Мамлекеттик кадр кызматы аттестациянын ордуна баалоо системасын тандады

“Аттестация кызматкердин ишин толук ачып бере албайт, ошондуктан биз аны жоюп, балоо системасын бекиттик”, - деген пикирин АКИpress маалымат агенттигинде болгон онлайн-конференцияда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек  Момуналиев билдирди.

Анын айтымында, кээ бир мамлекеттик кызматкерлер мыйзамдарды теориялык жактан жакшы билишкени менен  аз иш кылышат. Ал эми айрым кызматкерлер мыйзамды жакшы билишпесе да, өз ишин кесипкөйлүк  менен  аткарышат.  Мына ушундай себептен улам бул системаны киргизишкен.

Ошондой болсо да “мыкты” деген баага  квота киргизилип жатат, анткени жетекчилер кызматкерлердин аз айлыгына карап, баарына мыкты бааларды коюшат. Бирок, андай болбошу керек. Ошондуктан, 30 пайыздык чектөө киргиздик. Ал эми калгандары “канааттандырарлык”, “жакшы” жана башка баалоолорду алышат.