Декларацияга байланыштуу актуалдуу маселелер камтылган семинар болуп өттү

Жакында  Нарын жана Ысык-Көл  облустарында кирешелерди, чыгашаларды жана мүлктөрдү декларациядан өткөрүү боюнча кезектеги окутуулар болуп өттү.   

 

Ага жалпысынан 117 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер катышты. Алардын арасында Өкмөттүн  Ысык-Көл  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Монолдоров, аппарат жетекчилери, мэрлер, вице-мэрлер, декларацияны жыйноо, тапшыруу боюнча жооптуу кызматкерлер жана кадр кызматынын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн жооптуу кызматкерлери катышышты.

 

Декларация тапшыруу тенденциясы жакшы экендигин,  бирок бланктарды толтурууда ошондой эле  кээ бир декларанттар декларацияларын убагында тапшырышпаганы боюнча көйгөйлөр бар экенин кадр кызматынын декларация бөлүмүнүн башкы адиси Ж. Иманалиева билдирди.   

 

Семинарда Ж. Иманалиева кирешелерди жана чыгашаларды декларациядан өткөрүүгө байланышкан  актуалдуу маселелер боюнча презентацияларын  сунуштады. Аны менен катар бланктарды туура толтуруу, декларация тапшыруунун мөөнөтү жана  тартиби боюнча түшүндүрүү иштери болуп өттү.

 

2017-жылы мамлекеттик жана кээ бир муниципалдык кызматкерлер декларацияларын бекитилген графикке ылайык тапшырышат, бекитилген график КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына жайгаштырылат.