КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору “Asia Foundation” жана Мамлекеттик башкаруу боюнча Улуттук мектептин өкүлдөрү менен жолугушту

КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев “Asia Foundation”  жана Мамлекеттик башкаруу боюнча Улуттук мектептин өкүлдөрү (NSGL) менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда директор Н. Момуналиев Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгү , мамлекеттик  жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер  тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билимин жогорулатуу багытында окутуу борборун ачуу зарылдыгына токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу максатында мындан ары да кызматташарын белгилешти.