Аймактык резервге кирүү үчүн өткөрүлө турган конкурстун аңгемелешүү этабынын форматын аныктоо маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы “Аттестация  жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча маселелер жөнүндө” бекитилген Токтомуна ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана алардын орун басарлары кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобо тарабынан тескелбеген тандоо жүргүзүүдөгү маселелер комиссия тарабынан аныкталат.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Аймактык резервге киргизүү үчүн конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын кезектеги отурумунда аңгемелешүүнүн этаптарынын бири болуп районду өнүктүрүүнүн долбоорун MS PowerPoint презентациясы аркылуу көрсөтүү чечими колдоо тапты.

Аймактык резервге кирүү үчүн конкурска документ тапшырышкан талапкерлерге, төмөнкү бош кызмат орундарына:

- Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчылыгына;

- Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчылыгына;

- Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчылыгына;

- Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчылыгына;

- Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчылыгына;

- Чоң Алай райондук мамлекеттик администрация башчылыгына            (социалдык тармак),

компьютердик тестирлөө этабынан өткөн соң (18 март – Бишкек шаарында, 25-26 март – Ош шаарында) жана босого баллдан жогору упай менен өткөндөн кийин аталган презентацияны даярдап, gksreserve@gmail.com электрондук дарекке 2021-жылдын 1-апрелде саат 18:00 чейин жөнөтүү керек.

Презентациянын жолжоболоосуна талаптар коюлат. Коюлган талаптарга жооп бербеген презентациялар кабыл алынбайт жана каралбайт!

Эске салабыз: бир канча районго арызын тапшырышкан талапкерлер ар бир район үчүн өзүнчө презентация даярдоосу кажет.

Маалымат үчүн телефондор: 66-01-49, 66-02-31

Презентациянын жолжобоосуна талаптар