КРнын Мамлекеттик кадр кызматында JDS долбоорунун бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу болуп өттү

10-ноябрда КРнын Мамлекеттик кадр кызматында Япония мамлекетинин JDS долбоорунун бүтүрүүчүлөрүнүн отчёттук жолугушуусу болуп өттү. Аны КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору  Н. Момуналиев ачып, бул долбоордун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин  билимин жогорулатууга кошкон салымын баса белгиледи.

Н. Момуналиев “ Японияда 2 жыл окуп, элибизге ийгиликтүү кайтканыңыздар менен  куттуктайм. “Жүз жолу уккандан бир көргөн артык”,- демекчи сиздер өнүккөн өлкөгө барып, ошол жакта жашап, билим алып,  япон элинин маданияты жана турмушу менен жакындан таанышып келдиңиздер. Тагдырдын сиздерге берген мындай чоң мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, эми  билимиңиздерди жана тажрыйбаңыздарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматта колдонуңуздар”, - деди.

Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ёсихиро Ямамур “Мен сиздердин   JDS долбоору аркылуу Япониядагы Жогорку окуу жайларда магистратураны ийгиликтүү аяктап келгениңиздерге чын жүрөктөн ыраазымын. Анткени, жаш кадрлар ар бир мамлекеттин  өнүгүүсүнүн негизги күчү болуп саналат. Японияда алган билим, тажрыйбаңыздарды бул жакта колдоноруңуздарга ишенем”, - деди

Жолугушууда аталган долбоордун кээ бир бүтүрүүчүлөрү  Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканын өсүүсү,  мамлекеттик банктардын экономиканын өнүгүүсүндөгү ролу, миграциянын фактор катары  Борбор Азиянын коопсуздугуна тийгизген  таасири,  туризм тармагындагы мамлекеттик башкаруунун  аспектилери  деген маанилүү темаларда баяндамаларын сунушташты.

Бул иш-чарага  JDS долбоорунун  өкүлдөрү, Президенттин жана Өкмөттүн  Аппаратынын  эксперттери, кээ бир мамлекеттик органдардын статс-катчылары катышышты.