Бүгүн КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат” гезитинин жамааты менен жолугушту

Бүгүн 4-ноябрда КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат” гезитинин жамааты менен жолугушту.

Жолугушуу 7-ноябрь - Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүнүн алкагында болуп өттү. Н. Момуналиев аталган гезит түптөлгөн күндөн бери алардын аткарган иштерине кыскача токтолуп,  журналисттер ааламда жана өлкөбүздө болуп жаткан окуяларды чагылдырган ардактуу кесип экенин айтты.

Н. Момуналиев “ Кыргызстанда сөз эркиндиги коңшу мамлекеттер менен салыштырмалуу кыйла канат жайып, өлкөбүздөгү окуялар эркин чагылдырылып жатат. Биз кээ бир башка мамлекеттерден айырмаланып, мунай, газ жана башка жаратылыш байлыктарга таянбай  өнүгүнүн демократиялуу  жолун тандап, элибизге таянып жатабыз. Кыргыз элинде “көч бара-бара түзөлөт” , -  демекчи келечекте  Кыргызстан да Япония, Корея, Малайзия сыяктуу адам ресурстарына таянуу менен гана өнүккөн өлкөлөрдөй болуп, алдыңкы мамлекеттердин катарына кирерине ишенем”,- деди.

Сөз  кезегинде “ММ кызмат”  гезитинин башкы редактору  Н. Момунов “ Сиз  гезиттин өнүгүүсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалынып,  биздеги маселелерди натыйжалуу чечип жатасыз. Жакында эле сиздин түздөн-түз көзөмөлүңүздүн негизинде гезитибиз ишибизге керектүү алдыңкы сапаттагы техникалар менен жабдылды. Бизге бул багытта абдан жакшы шарт түзүлдү,  эми жакшы гана иштешибиз керек”,- деди.

“ММ кызмат”  гезитинин алгачкы саны 2013-жылы июнь айында жарыкка чыккан. Ушул мезгилден тарта гезиттин 172 саны жарыкка чыкты. Ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин  гезити катары  кадрларды даярдап, жайгаштыруунун  абалы, бул багыттагы оң жана терс көрүнүштөр, дайындоолор, бошотуулар, вакансиялар боюнча жарнамалар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка эмгек сиңиргендер жөнүндөгү материалдар жарыяланып келет. Гезиттин ар бир саны www.mkk.gov kg    сайтына да жайгаштырылат.