Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев JDS долбоорунун менеджери Харука Сакауе менен жолугушту

КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев JDS долбоорунун менеджери Харука Сакауе менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда тараптар ушул март айына белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды Жапониянын алдыңкы ЖОЖдоруна окутуу үчүн өткөрүүлүчү конкурстук тандоого даярдыктар туурасында кеп козгошту.

 Жолугушуунун соңунда А.Маматалиев жапон тарапка мыкты кадрларды даярдоо жаатындагы көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Маалымат иретинде: Бүгүнкү күндө JDS долбоору алгылыктуу жүзөгө ашып келет. Бир топ фактыларды мисал катары алсак, JDS долбоору түзүлгөндөн бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин курамынан түзүлгөн 13 стипендиаттардын тобу Жапониядан билим алуусун улантышты. Алардын арасынан 171 стипендиат өздөрүнүн диссертацияларын жакташып, магистрдик даражасын алгандан соң Кыргызстанга кайтып келишти, 34 стипендиат учурда Жапониядан билим алуусун улантууда.