КР Президентинин “Мамлекеттик жаңы кадрдык саясаты жөнүндө” Жарлыгынан келип чыккан маселелерди түшүндүрүү боюнча семинар өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 2021-жылдын 24-февралында КР Президентинин “Мамлекеттик жаңы кадрдык саясаты жөнүндө” Жарлыгынан келип чыккан милдеттерди түшүндүрүү боюнча семинар өткөрдү. Семинарга КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев, КР Президенттинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирбек Кожоев, КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Айбек Джунушалиев катышышты.

Семинардын башында А.Маматалиев жогоруда айтылган Жарлыктын негизги приоритеттүү багыттарына токтолду. “Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кадрларды тандоо системасын жана практикасын       мындан ары түп-тамырынан өзгөртүү, бул багыттагы ишти жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон конституциялык укуктарын ишке ашыруу, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кесипкөй кадрларды жана келечектүү жаштарды тартуу, кызматчылардын моралдык-адеп-ахлактык сапаттарын жакшыртуу, мамлекеттик башкаруу системасында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу 2021-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгында көрсөтүлгөн”, - деди өз сөзүндө А.Маматалиев.

 Семинарда КР Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирбек Кожоев менен КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Айбек Джунушалиев сөз сүйлөшүп, КР Президентинин “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгындагы мамлекеттик кадрдык саясатты жакшыртуу багыттары боюнча семинардын катышуучуларына маалымат беришти.

“Бардык мамлекеттик кадрдык саясатты жакшыртуу боюнча көтөрүлүп жаткан демилгелер – биздин урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан сунушталган. Жакында райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары (акимдер) жана алардын орун басарлары аттестациядан өтүшөт. Аймактарды мыкты кадрлар менен камсыз кылуу үчүн регионалдык кадрдык резерв түзүлөт. Райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана орун басарларынын аттестациясынын процесси массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири чагылдырылып, калың коомчулукка аттестациянын жыйынтыктарын өз убагында маалымдалып, аттестациянын жүрүшү он-лайн режиминде биздин сайт жана социалдык баракчаларыбыз аркылуу түз эфир форматында көрсөтүлөт” – деди семинарды жыйынтыктап жатып Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев.  

Семинар учурунда семинардын катышуучулары тарабынан, мамлекеттик кадр саясатын жакшыртуу боюнча бир катар демилгелерди сунуштоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.