Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү

2020-жылдын 28-августунда Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучусу Бакытбек Сагынбаевдин төрагалыгынын алдында өттү.

      Жыйындын күн тартибин эки маселе түздү. Алар:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчы (бош) кызмат ордуна Санжар Жумадыловдун талапкерлигин кароо;
  2. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Аскарбек Абдыжапаровдун отчетторун кароо.

     

       Алгач, биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчы (бош) кызмат ордуна Санжар Жумадыловдун талапкерлиги каралды. Талапкер Улуттук кадрлар резервинен тандалып алынган. Талапкер Санжар Жумадылов алгач Кеңеш алдында өзү тууралуу кыскача маалымат берип, андан кийин  Кеңештин мүчөлөрүнүн бардык суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында, Кеңеш Санжар Жумадыловдун талапкерлигин жактырып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчы кызматына дайындоо сунушун берди.

       Андан нары Кеңеш экинчи маселеге өтүп, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Аскарбек Абдыжапаровдун отчетторун карашты.

        Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Аскарбек Абдыжапаров мекемедеги жетишкендиктер, көйгөйлөр жана санариптештирүү боюнча жүргүзүп жаткан иштер боюнча Кеңешке отчет беришти.

            Кеңештин жыйыны жогоруда сөз болгон мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын отчетторунун жактырылышы менен аяктады.

 

            Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы