КР Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутууну жүргүзөт

КР Мамлекеттик кадр кызматы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте ачык жана ички сынактарга, Улуттук кадр резервине сынакка катышууга электрондук арыз берүү функциясын автоматташтырды.

Кызматкерлердин ишине баа берүү жана пландоо, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу жана адистигин жогорулатуу процесстери да автоматташтырылды.

Мамлекеттик кадр кызматы 2019-жылдын 8-январынан тарта “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын базасында автоматташтырылган системаларды  колдонуу боюнча окуу семинарларын өткөрүүдө.