Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын            статс-катчысынын бош кызмат орунун ээлөөгө Улуттук кадрлар резервинен К.О. Мамыров сунушталды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын статс-катчысынын бош кызмат оруну бошогондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жогоруда аталган бош орунга Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2018-жылдын 12-ноябрындагы  № 29 токтому менен Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын ортосунда конкурс жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын статс-катчысынын бош кызмат орунун ээлөөгө 3 талапкер конкурска катышууга арыз беришкен (Дубанаев Т.Ш., Баетов Б.И., Мамыров К.О.).

Талапкерлердин документтерин кароонун жыйынтыгы менен, конкурстун кийинки маектешүү этабына катышуу укугуна ээ болушкан.

2018-жылдын 30-ноябрындагы Кеңештин кезектеги отурумунда Улуттук кадрлар резервинде турган адамдар менен конкурстун  аңгемелешүү этабы өткөрүлүп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын статс-катчысынын бош кызмат орунун ээлөөгө К.О. Мамыров сунушталды.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы статс-катчы Кеңештин сунушу боюнча, мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу менен, Премьер-министр тарабынан 5 жумушчу күндүн ичинде дайындалат.

Маалымат иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурунку статс-катчысы Т.С. Асылбеков Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 26-октябрындагы № 550 буйругу менен ээлеген кызмат орунунан өз каалоосу менен бошотулган.