Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, доктор Макс Георг Майер менен жолукту

Тараптар Өнөктөштүк алкагында жүзөгө ашырылган биргелешкен долбоорлорду, ошондой эле кызматташтыктын мындан аркы пландарын талкуулашты. МККнын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү максатында биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле МККнын башчысы доктор Майерге мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу тармагына маанилүү салымын кошкондугу үчүн ыраазычылык бирлдирип, «Мамлекеттик кызматтын отличниги» төш белгисин ыйгарды.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында Фонддун магистрдик программасына талапкерлерди тандоо жана маалымдоо чөйрөсүндө ушул Фонд менен узак мөөнөттө жана туруктуу кызматташып келе жатат.