Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы мыйзам алдындагы укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун талкуулоо боюнча иш-чара өткөрдү

        2016-жылдын 12-июнунда  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик  жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы боюнча укуктук ченемдик  актылардын долбоорлорун талкуулоого арналган  “тегерек үстөл” өткөрүлдү.  Иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрлар менен иштеген кызматтарынын  өкүлдөрү  катышты.

       Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик  жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы үстүбүздөгү жылдын 7-июнунан баштап күчүнө  кирген, учурда Кадр кызматы тарабынан  ушул мыйзамды жүзөгө ашырууга багытталган  укуктук ченемдик актылардын долборлору иштелип чыкты.

      Иш-чаранын башында  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Н.Момуналиев чыгып сүйлөп, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын кабыл алууга байланыштуу мыйзам астындагы актыларды иштеп чыгуу зарылдыгы пайда болгондугун белгиледи. Бул актылар мыйзамды мамлекеттик жана муниципалдык органдардын  күнүмдүк ишинде туура колдонуу маселелерин жөнгө салат.

     Ченемдик укуктук долбоорлор мамлекеттик кызматчылардын, юристтердин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен Мамлекеттик кадр кызматынын карамагында түзүлгөн жумушчу топтор тарабынан даярдалды.

     Н.Момуналиевдин айтуусунда азыркы учурда мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик башкаруу механизмде өзгөчө орунду ээлеп, мамлекеттик саясаттын максаттарына жетишүү жана сапаттуу тейлөөлөрдү камсыз кылуу үчүн өзөктүү стратегиялык ресурс болуп саналат. Биз мыйзам астындагы актыларды канчалык деңгээлде аягына чейин сапаттуу иштеп бүтүрсөк, ишмердигибиздин натыйжасы ошончолук жогору болот, деп белгилеп өттү Н.Момуналиев.

    Иш-чаранын жүрүшүндө административдик кызматтардын тобуна коюлуучу  типтүү квалификациялык талаптар,  бош административдик кызмат ордуна сынак өткөрүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишмердүүлүгун баалоо, улуттук жана ички кадрлар резервин түзүүнүн тартиби   жөнүндөгү жоболордун долбоорлору талкууланды.