Мамлекеттик кызматкерлердин декларацияларында көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ведомство аралык комиссиянын жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Н.Момуналиевдин төрагалыгы астында ведомство аралык комиссиянын жыйыны өтүп,  анда мамлекеттик кызматкерлердин 2014-жыл үчүн тапшырган декларацияларындагы маалыматтардын аныктыгын текшерүүнүүн жыйынтыктары  каралды.

Жыйындагы талкуунун негизинде комиссия декларацияларда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Эске салсак, мамлекеттик кызматкерлердин декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарынын анык жана толук экендигин текшерүү максатында КРнын  өкмөтүнүн  2012-жылдын 25-декабрындагы токтомунун негизинде 2013-жылы ведомстоволор аралык комиссия түзүлгөн.

Ведомстволор аралык комиссиянын курамына укук коргоо органдарынын жана жарандардын кирешеси жана мүлкү тууралуу малыматтар боюнча иш алып баруучу мамлекеттик органдар кирген. 
Аталган комиссия 2013-жылдан бери   мамлекеттик кызматкерлердин декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү боюнча иш аткарып келатат.