Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы кезектеги декларация кампаниясы башталгандыгын жарыялайт

     2016-жылдын 1- январынан тартып Кыргызстанда кезектеги декларация кампаниясы башталды.

     Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”  жана  “Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлегендердин кирешелерин, чыгашаларын,  милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер  өткөн  2015-жыл  үчүн  декларацияларын тапшыруусу  зарыл.