КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров “Марал” радиосундагы түз эфирге катышты

Мамлекетибизди  өнүктүрүүгө  багытталган  “Жаңы доорго  кырк кадам ” өкмөттүк  программасынын алкагында “Марал” радиосу  эл менен бийликти жакындатуу максатында   “Кырк кадам” радио берүүсүн  чыгара башташкан. Анда  карапайым калк  “Жаңы доорго  кырк кадам ” программасы боюнча кызыккан суроолорун беришип, ага түз эфирде жооп  алышат.

Алсак,  “Жаңы доорго  кырк кадам ”  программасынын   экинчи кадамы  “Элиме кызмат” деп аталып,  анда мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо маселеси камтылган.

Экинчи кадам боюнча түз эфирге КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору А. Мадумаров катышып, мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча радио угармандарга  кеңири маалымат берди.  

Түз эфир жандуу өтүп, 1 саатка созулду. Анда радио угармандар  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары , кадрларды тандоо жана алардын билим, тажрыйбасы боюнча   суроолорду  беришип, керектүү жоопторду  алышты.