Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору С.Жээнбеков Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушту

С.Жээнбеков жолугушууда Япония сыяктуу бай маданияты жана салты менен даңазасы чыккан өлкөдө бир канча ирет болуп  зор канаттануу алгандыгын, мындай жогорку өнүккөн мамлекетте биздин кадрлардын билим алуусу  Кыргызстан үчүн  чоң  жетишкендик  экендигин  белгилеп өттү.

Анын айтымында,  Япония эл аралык кызматташтык агенттиги Кыргызстандын башкаруу тутумунун кадрдык потенциалын жогорулатуу жаатында чоң иштерди аткарып жатат. Анын жетекчилиги астында Кыргызстанда адам ресурстранын башкаруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда, анын ичинде кадрларды даярдоо боюнча JDS долбоору. Бүгүнкү күнү аталган долбоордун алкагында Кыргызстандан 146 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Япониянын алдыңкы окуу жайларынан билим алышты.

Ошондой эле С.Жээнбеков Кадр кызматы менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин кызматташтыгы узак  мөөнөткө улантылып, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошууга жөндөмдүү кадрларды даярдоого туруктуу салымын кошо турганына ишенээрин билдирди.

Өз кезегинде JICA  жетекчиси мырза Ояме Такаюки өз өлкөсүндөй болуп калган Кыргызстандан кетип жатканына өтө өкүнүчтө экендигин айтуу менен Кадр кызматынын жетекчилигине жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип өттү.

 С.Жээнбеков мырза Ояме Такаюкиге жаңы ишинде ийгилик каалоо менен Кадр кызматынын атынан ыраазычылык катын тапшырды.