Жумушчу топ Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн иши менен таанышып келди

2017-жылдын 13-15-ноябрында Мамлекеттик кадр кызматынын  статс-катчысы  Б.Э. Сагынбаев жетектеген жумушчу топ Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнө иш сапары менен барды.

Кадр кызматынын  Тестирлөө борборунун жетекчиси Гүлнара. Ибраева жана Адам ресурстарын башкаруунун маалымат системасы бөлүмүнүн жетекчиси  Индира Шаршенова Түштүк аймактык өкүлчүлүктүн тестирлөө борборунун Ош, Жалал-Абад, Баткен  облустарындагы филиалдарынын материалдык-техникалык базасын текшеришип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Ошондой эле алар өкүлчүлүктүн жалпы эмгек жамааты менен жолугуушууларды өткөрүшүп,  алар  тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар менен жакындан таанышып, аймактарда  болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүнүн  жолдорун талкуулашты.

Кыдыруу учурунда алар өкүлчүлүктүн ишинин эффективдүүлүгүнө өзгөчө маани беришти. Алсак,  жумушчу топтун жетекчиси Б.Сагынбаев кызматкердин функционалдык милдеттерин кайра карап чыгып, өкүлчүлүк юрист жана IT адистерине муктаж экендигин  баса белгиледи.