Кадр кызматында болуп өткөн кеңешмеде маанилүү маселелер каралды

2017-жылдын 3-ноябрында КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров мамлекеттик органдардын  статс-катчылары  жана аппарат жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.     

Кеңешмеде мамлекеттик органдарда адам ресурстарын  башкаруунун маалыматтык системасын жайылтуу, мамлекеттик мекемелерде  ваканттык кызматтардын көп болуусу жана сынак өткөрүү мөөнөтүнүн так сакталбагандыгы,  аны менен катар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузулуусу боюнча  курч маселелер талкууланды.  

Бул тууралуу кадр кызматындагы бөлүмдөрдүн жетекчилери И. Шаршенова (Адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасы), М. Хусаинова (Мамлекеттик кызматты өтөө), С. Алымкулова  (Мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө)  электрондук баяндамаларын сунушташты.

Кеңешменин  катышуучулары мамлекеттик кызматты өтөө маселелерин  жакшыртуу, Тестирлөө борборунун программаларын модернизациялоо  жана 2017-жылдын жыйынтыктары менен статс-катчылардын  рейтингин аныктоо  боюнча ой-пикирлерин айтышты.

Ошондой эле кадр кызматынын аппаратына жана статс-катчыларга жаңы кызматка киришкен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс- катчысы  А.М. Мамбетов, КР Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик каттоо кызматынын статс- катчысы  Д.Б. Бакчиев,  КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлк фондусунун статс- катчысы  И.А. Ташбаев тааныштырылды.