"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жумушка орношуунун көйгөйлөрү" деген темада тегерек үстөл өттү

2017-жылдын 16-июнунда КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгү Ош Мамлекеттик университетинин  "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" кафедрасы менен биргеликте, 23-июнь Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жумушка орношуунун көйгөйлөрү" деген темада тегерек үстөл өткөрдү. Ага өкүлчүлүктүн жетекчиси А.Б. Аккозиев, Бизнес жана менеджмент факультетинин деканы М.Б. Убайдуллаев, Ноокат районунун “Насирдин Исанов” атындагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Топчубаев, Өкүлчүлүктүн адиси Осмонали уулу Каныбек, ошондой эле МжМБ кафедрасынын профессордук окутуучулук жамааты жана бүтүрүүчү курстун студенттери катышты.

Бүтүрүүчүлүргө мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кирүүнүн жол-жобосу түшүндүрүлдү. Бул иш-чаранын  жыйынтыгында Өкүлчүлүктүн Окутуу борборунда “Ачык эшиктер” күнү белгиленип,  студенттер үчүн  текшерүү тесттери уюштурулду.

 19-июнда Жалал-Абад облусунун ЖОЖдорунун бүтүрүүчү студенттери үчүн Тестирлөө борборунун Жалал-Абаддагы бөлүмүндө  “Ачык эшиктер” күнү белгиленип, ага катышкан 18 студент  үчүн текшерүү тесттери уюштурулду.

Ошондой эле 20-июнда Баткен облусунун ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү үчүн Тестирлөө борборунун Баткендеги бөлүмүндө 15 студенттин катышуусунда жогоруда аталгандай эле “Ачык эшиктер” күнү белгиленди.