Кадр кызматы тарабынан семинарлар өтүүдө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  Мыйзамы жана мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар күчүнө киргенден бери кадр кызматынын   бөлүмдөрү, аймактык өкүлчүлүктөрү тарабынан,  мыйзамдагы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка тиешелүү өзгөчөлүктөрү жана аларды күнүмдүк ишке пайдалануу боюнча мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында түшүндүрүү иштерин уюштуруп өткөзүшүүдө.

Жер жерлерде, түшүндүрүү иштери боюнча семинарлар кадр кызматы тарабынан бекитилген графикке ылайык облустук, райондук деңгээлде жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын февраль,  март айларынын ичинде окутуу семинарлары Таласта жана Чүйдө  облустук, ал эми калган региондордо райондук деңгээлде  өткөрүлүүдө. 2016-жылдын 10-мартына карата 19 окутуу семинарлары өткөрүлүп, анын ишине 840тан ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар катышты.  

Кыргыз Республикасынын  Президентинин   2016-жылдын 30-декабрындагы № 308  “Мамлекеттик  жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү  кээ бир маселелер жөнүндө” Жарлыгы менен   кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн  жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде, Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан башкы административдик кызмат орундарын ээлеген жана 2012-2014-жылдары аттестациядан өткөн 380ден ашуун муниципалдык кызматчыларга  класстык чен ыйгарылган. Өткөрүлүп жаткан окутуу семинарларында класстын чен ыйгарылгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү тапшыруу аземи да коштолууда.