Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгү тегерек үстөл өткөрдү

26-октябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгү Жергиликтүү жамааттар күнүнө карата Ош Мамлекеттик Университетинин “Бизнес жана Менеджмент” факультетинин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” кафедрасы менен биргеликте “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары”  деген  темада   тегерек  үстөл өткөрдү.

Тегерек үстөлгө  жалпысынан 70дей адам катышышты. Анда аталган кафедранын студенттери 2 баяндаманы  слайд менен тартуулап, мисал катары Ош шаарынын мэриясы тарабынан аткарылып жаткан иштерди жана Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин сапаттык курамы тууралуу айтып беришти. Андан кийин өкүлчүлүктүн башкы адиси Г. Ыбышова Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы тууралуу  баяндама жасады.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө студенттер тарабынан өкүлчүлүктүн кызматкерлерине жумушка кирүүдөгү сынактын эрежелери, муниципалдык кызматты өтөөдөгү көйгөйлөр боюнча көп суроолор берилип, ага өкүлчүлүктүн жетекчиси А.Б.Аккозиев жооп берди .

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чойрөсүндөгү  көйгөйлөр кенен талкууланып,  иш-чара  суроо-жооптор менен коштолду.