Мамлекеттик кызмат жаатындагы мыйзам ченемдерге киргизилген өзгөртүүлөр боюнча окутуу семинары болуп өттү

 2019-жылдын 30-январында  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жаатындагы мыйзам ченемдерге киргизилген өзгөртүүлөр боюнча окутуу семинары болуп өттү.

Семинарга Бишкек шаардык кенешинин жана Бишкек шаарынын мэрисынын борбордук аппаратынын, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн персоналды башкаруу кызматтарынын жетекчилери жана кызматчылары тартылган.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка конкурс өткөрүүдө, кызматчылардын ишин баалоодо ж.б. маселелер боюнча тиешелүү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген.

Алсак, конкурстун этаптарынын бири катары   мурда колдонулуп келген практикалык тапшырма алынып, аңгемелешүү этабында эссе жазуу каралган. Ошондой эле конкурсту уюштуруу жана өткөрүү, кызматчылардын ишин баалоо  процедураларына байланышкан толуктоолор, тактоолор жөнүндө түшүндүрмө берилди.

Киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кирүү жана кызмат өтөө процедураларын  жөнөкөйлөтүүгө жана коррупциялык  тобокелчиликти азайтууга багытталган.

Семинардын жүрүшүндө КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басарлары К.Алышбаев, О.Тарбинский, муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Н.Бегалиева кызматчылардын  суроолоруна жооп беришти