Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматты санариптештирүү боюнча конференция болду

КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Мамлекеттик кадр кызматы  «Digital CASA - КР» долбоору менен биргеликте “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кадрдык ресурстарды башкарууда санарипти жайылтуу” темасында конференция болуп өттү.

Конференция “Санарип Кыргызстан – 2019 – 2023” Санариптештирүү Концепциясын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп, иш-чарага Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппаратынын, Байланыш жана маалыматтык технология мамлекеттик комитетинин, мамлекеттик органдардын статс-катчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

“Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев  Е-Kyzmat  автоматташтырылган маалыматтык системасынын электрондук өкмөттү ишке киргизүүдө негиз болуп бере тургандыгына кенен токтолду.

E-Kyzmat системасы кадр курамы тууралуу маалыматтар базасын түзүүдө (кызматка орношуу, орун алмашуу, кызматтан кетүү ж.б) ыкчам жана так маалыматты пайдаланууга жана башкаруучулук чечимдердин натыйжалуулугун жогорулатууга  мүмкүндүк берет.

Конференцияда КР Президентинин кеңешчиси Дастан Догоев  Санарипти жайылтуунун Улуттук программасын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда  «Digital CASA-Кыргыз Республикасы»  долбоорунун алкагында жүзөгө ашыруу боюнча доклад жасады.

КР МККнын директорунун орун басары Олег Тарбинский Мамлекеттик кадр кызматы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте  бирдиктүү базанын түзүп мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын эмгек китепчелерин санариптик форматка өткөрүүдөгү жетишкендиктер тууралуу маалымдады.

Конференциянын аягында Е-Kyzmat системасын күчтөндүрүү,  мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда пайдалануу тууралуу талкуу жүрдү.