КР МКК директору Акрам Мадумаров казак магистранттары менен жолугушту

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Казак Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистранттары менен жолугушт.

Казак магистранттары Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда аткарылып жатка ниш-аракеттер менен жакындан таанышу жана тажрыйба алмашуу максатында келишкендигин билдиришти.

Жолугушууда Акрам Мадумаров Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоо, аларды окутуу, квалификацияларын жогорулатуу жаатында жасалып жатка ниш-аракеттер тууралуу магистранттарга маалымат берди.