Мамлекеттик кадр кызматы Корея Республикасында магистрдик программада окууга кабыл алууларды баштады

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы Офиси («KOICA») менен биргелешип, Корея Республикасындагы магистрдик программаларына кабыл алууну жарыялайт.

Стипендиялык программанын максаты болуп Кыргыз Республикасынын адам ресурстарын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү эсептелет. Мамлекеттик/муниципалдык кызматчылар жана мамлекеттик сектордун кызматчылары үчүн «KOICA Scholarship Program 2019» программанын чегинде Корея Республикасындагы магистратуранын 17 эл аралык курстары пландаштырылган.

Окутуу тематикалары: айыл жана шаар райондорун, мамлекеттик башкарууну, айыл чарбаны, саламаттыкты сактоону өнүктүрүү тармагы, ошондой эле илим жана технология чөйрөсү. Программанын негизги талабы - англис тилин билүү, ошондой эле мамлекеттик/муниципалдык кызматта/мамлекеттик сектордо эки жылдан кем эмес иш стажына ээ болуу.

Документтерди 2019-жылдын 4-мартына чейин: Бишкек ш., Чүй пр., 122, 304-кабинетке жөнөтүүнү суранабыз.

Кеңири маалымат жана заявкалардын формалары МККнын сайтында жайгаштырылган: www.mkk.gov.kg (Бөлүм «Мамлекеттик кадр кызматы - Ишмердик - Кызматчыларды окутуу - Чет өлкөдө окутуунун узак мөөнөттүк курстары») же 620431 телефон аркылуу маалымат алса болот (Кыдыралиева Мээрим).

 

Кызыкдар адамдар үчүн маалыматтык семинардын уюштурулушу каралууда. Ал 2019-жылдын 8-февралында (жума) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өтөт. Дареги: Бишкек ш., Панфилов көч., 237/ Фрунзе (ауд. 400). Башталышы: саат 15.00дө. Каттоо: goo.gl/WRSDK7