МКК Өзбекстан  менен мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташат

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов менен жолукту.

МККнын директору ведомствонун мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат алкагындагы кадр саясатын жүргүзгөн жападан -жалгыз мамлекеттик орган экендигин маалымдады.

“Мамлекеттик кызматта маанилүү реформалар жүрүп жатат.Мамлекеттик жана  муниципалдык кызматтарга  кадрларды тандоо системасы, кызматкерлердин натыйжалуу, жемиштүү жана жоопкерчилик менен  иштөөсүнө шарт түзүүчү  материалдык жана материалдык эмес мотивациядагы  механизмдер жакшыртылууда” –деди Акрам Мадумаров.

Өз кезегинде элчи Комил Рашидов Өзбекстандагы мамлекеттик кызматтагы өзгөчөлүктөр тууралуу кенен айтып берди.

Акрам Мадумаров 2018-жылы КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы МККнын карамагына өткөндүгүн, Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы  менен кызматташууну өркүндөтүү боюнча чоң иштер аткарыла тургандыгына ишеним артаарын билдирди.

Жолугушуунун акырында тараптар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууда  мамлекеттер аралык кызматташууга даяр экендиктерине, биргелешип иш алып баруунун натыйжасы ийгиликке жеткирээрин белгилешти.