Мамлекеттик кадр кызматында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды мамлекеттик кызматтарга кабыл алуудагы проблемалар талкууланды

26-декабрда КР Мамлекеттик кадр кызматында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ)  Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды интеграциялоо программасы боюнча иш алып барган мекеменин делегациясы менен жолугушуу болду.

КР МККнын директору Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жарандык кызуматтар жана муниципалдык кызматтар жөнүндөгү  мыйзамдарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эмгекке болгон укуктарын көзөмөлдөөчү нормалардын берилбегендигин өкүнүү менен билдирди.

ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн адам укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Юлия Нетесова мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга интеграциялоого карата өткөрүлө турган иш-чараларга колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Өз кезегинде МККнын директору Акрам Мадумаров  мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтагы инклюзивдүүлүктү жактай тургандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун акырында тараптар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды мамлекеттик жарандык кызматтар жана муниципалдык кызматтар менен камсыздоо боюнча кызматташтык мындан ары да өсө береээрине ишеним артышты.  

Маалымат катары: 2018-жылдын 1-январына карата  бери алып караганда административдик мамлекеттик кызматтарда жалпы 15838 кызматкерден 108 (0,7%), ал эми муниципалдык кызматтарда иштеген 7976 адамдын 131 (1,7%)  мүмкүнчүлүгү чектелген жаран эмгектенет.