МКК менен KOICA 2019-жылга кызматташтык планын талкуулашты

Мамлекеттик кадр кызматынын директору (МКК) Акрам Мадумаров Эл аралык кызматташтыктык Корея агенттигинин Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин (KOICA)  башчысы О Донгиль мырзаны кабыл алды.

Тараптар кызматташтык алкагында ишке ашырылган биргелешкен долбоорлорду, ошондой эле келе жаткан 2019-жылдагы мындан аркы пландарды талкуулашты. Мамлекеттик кадр кызматынын директору  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын иш-аракеттерин чыңдоо максатында иш алпарууга даяр экендиктерин билдирди.

КР Мамлекеттик кадр кызматы KOICA менен 2016-жылдан бери активдүү кызматташып келет. Азыркы учурда Кыргызстанда Корея Республикасынан окуп келген үч жүздөн ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар.