Медиацияны колдонуу боюнча өз ара кызматташтык жаатында Меморандумга кол коюлду

КР Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы Бакытбек Сагынбаев менен Улуттук медиация борбору башкармалыгынын төрайымы Анара Каримбекова Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук талаш-тартыш маселелерди чечүүдө натыйжалуу ыкма катары медиацияны колдонуу жана таратуу маселелери жаатында өз ара кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшту.

Меморандумдун негизги максаты - ар кандай талаш-тартышты сотко чейин жана соттон тышкары чечүү ыкмасын өнүктүрүү жана көзөмөлгө алуу кызматташтыгын чыңдоо, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда чыр-чатак деңгээлин төмөндөтүү жана жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүү болуп эсептелет.