МКК Кыргызстандагы “БУУ - аялдар” түзүмү менен кызматташтыгын бекемдейт

КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Мадумаров Кыргызстандагы “БУУ – аялдар” түзүмүнүн өкүлдөрү Геральд Гюнтер менен  Анара Айткурманованы кабыл алды.

Жолугушуу КР Өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарда экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү, гендердик теңчилдик жана бюджет түзүү боюнча интеграцияланган мамилелерди  жана муниципалдык  кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулата турган “Аймак” электрондук маалыматтык башкаруу системасын колдонуу программаларын талкуулоо алкагында өттү. 

Жолугушууда тараптар кызматташтык боюнча ачык-айкын кадамдарды, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын потенциалын жогорулатууга багытталган биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүнү талкуулашты.

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Кыргызстан экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүүдө биргелешип иш алып барууга кызыктар экендигин белгиледи.

Жыйынтыгында биргелешип иш алып баруу пландарын иштеп чыгуу маселесин колго алуу үчүн жооптуу адамдар тобу дайындалды.