КР МКК директору А.Мадумаров Ханнс Зайдель фондусунун өкүлдөрү менен жолугушту      

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын өнүктүрүүдө Бавариялык тажрыйбаны колдонуунун перспективалары” жыйынынын алкагында КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Мадумаров Ханнс Зайдель фондусунун Борбордук Азиядагы  өкүлү  Макс Георг Майер,  Кытайдагы Шаньдун провинциясынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Михаэл Клаус жана Бавариянын Азык-түлүк, айыл жана токой-чарба министрлигинин айыл аймактарын өнүктүрүү администрациясынын аткаруу комитетинин  мүчөсү Лотар Винклер менен жолугушту.

Жолугушууда КР Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын өнүктүрүүдө Бавариялык тажрыйбаны колдонуунун перспективалары” жыйынынын негизги максаты - Бавариянын жана Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын өнүктүрүүдө  колдонулган иш-тажрыйбаларын алмашуу, 2019-жылы өлкөбүздүн айыл-аймактарын өнүктүрүү боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу экендигин белгиледи.