Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Ханнс Зайдель фондусунун Борбордук Азиядагы долбоорунун жетекчиси Макс Майер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Ханнс Зайдель фондусунун Борбордук Азиядагы долбоорунун жетекчиси Макс Майер менен жолугушту.

Тараптар өнөктөштүк алкагында ишке ашырылган биргелешкен долбоорлорду жана мындан аркы кызматташтыктын пландарын талкуулашты. КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Мадумаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарын өнүктүрүү максатында  биргелешип иштөөгө даярдыгын билдирди.

КР Мамлекеттик кадр кызматы Фонддун  магистрдик программасына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасынан талапкерлерди тандап алууда жана маалымат берүүдө аталган Фонд менен узак убактан бери туруктуу кызматташтык жагынан чоң тажрыйбага ээ.