Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Н. Момуналиев Корея Эл аралык кызматташуу агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 2016-жылы 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Н.С. Момуналиев Корея Эл аралык кызматташуу агенттигинин Кыргыз Республикасындагы Офисинин жетекчиси Пак Сунджин айымды кабыл алды.

Н.Момуналиев KOICA Офисине мамлекеттик жана муниципалдык кызматын өнүктүрүү боюнча жардам көрсөтүп жаткандыктары  үчүн ыраазычылык  билдирди жана Кадр кызматынын иши жана алдыдагы  пландары  жөнүндө айтып берди.

Жолугушууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын көтөрүү, «Мамлекеттик жарандык кызматы жана муниципалдык кызматы жөнүндө» жаңы кабыл алынган мыйзамдын нормаларын ишке ашыруу жана адам ресурстарын башкаруу электрондук системасын түзүү маселелери боюнча мындан  аркы кызматташуунун багыттары  талкуланды.