Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.К. Мадумаров JICA Президенти менен жолугушту

2018-жылдын 29-июнунда Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Президенти Шиничи Китаоко мырзанын Кыргыз Республикасына иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин, JICAнын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн, JDS долбоорунун ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн, ошондой эле JICAнын жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен иш-чара өткөрүлдү.

МККнын директору Акрам Мадумаров өзүнүн сөзүндө: “Япония тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирип, биринчи кезекте адам ресурстарын башкаруунун натыйжалуу тутумун түзүүнүн аркасы менен коомдун жашоо-турмушунун баардык чөйрөлөрүндө көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Япониянын алдыңкы университеттеринде магистратуранын программалары боюнча окутууга жана япон элинин бай маданияты менен таанышууга мүмкүндүк бергендиги үчүн япон элине жана Япониянын Өкмөтүнө ыраазычылыгымды билдирем” деп айтты.

 

МААЛЫМДОО: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Япониянын Эл аралык кызматташтык борбору менен биргелешип кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү боюнча долбоорду (JDS) жыл сайын ишке ашырып келе жатышат. 2007-жылдан бери JDS долбоору боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санынын ичинен 176 адамдан турган стипендиаттардын 11 тобу Япониянын университеттерине магистратуранын программалары боюнча окутууга жөнөтүлдү. Бүгүнкү күнгө карата 12-тобу түзүлүлүп, 2018-жылдын августунда Японияга жөнөтүлөт. Кызматчы үчүн JDS долбоорунун негизги шарты - окуп бүткөндөн кийин үч жылдын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тутумунда иштеп берүү.