Астана ХАБынын мааракелик жыйыны

Быйыл 7-9 июнда Казакстандын Астана шаарында Астана ХАБдын мааракелик жыйыны болду. Мамлекеттик кызмат алкагындагы Астана ХАБы 2013-жылы 15-мартта тажрыйба алмашуу үчүн аянтча катары түзүлгөн. Жемиштүү өнөктөштүк мамилелерди түзүү, тематикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен мамлекеттик кызматты чыңдап өкмөткө көмөк көрсөтүү ХАБдын миссиясы болуп эсептелет. ХАБга Түндүк жана Түштүк Америка, Европа, Кавказ, Борбор Азия, КМШ мамлекеттеринен  (40 мамлекет) өкүлдөр катышты.

Кыргызстан Астана ХАБына ал уюшулган 5 жылдан бери катышууда. Учурдагы кыргыз делегациясынын курамына КР Президентинин аппаратынын кадрлар секторунун жетекчиси А.Ж.Керимжанов, КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары О.С.Тарбинский, мекеменин бөлүм жетекчиси И.Ж. Шаршенова, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А.Т. Насыров жана проректору Р.Э. Асизбаев кирди. Жыйында глобалдашуу доорундагы мамлекеттик башкаруунун орду жана сапаты, Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттары программасыныналкагында мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү, автоматташтыруу системаларын киргизүү,   e-GOVERNMENTти иштеп чыгуу жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жыйындын катышуучулары “Zerde”холдингинде, транспорт каражаттарын каттоо борборунда, “Өкмөт жарандарга” аттуу мамлекеттик корпорацияда, калкты тейлөө Call-борборунда болушуп, аталган мекеме, уюмдардын иштери, мамлекеттик кызмат көрсөтүү системалары, методикалары менен таанышты.

Жыйындын жүрүшүндө КРнын мамлекеттик кадр кызматынын бөлүм жетекчиси Индира Шаршенова “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматында маалымат системаларын киргизүү тажрыйбасы” аттуу баяндама жасады. Баяндамада адам ресурстарын башкарууда маалымат системаларын киргизүү, аны ишке ашыруунун ыкмалары, автоматташтырылган системаларды колдонуучуларды авторлоштуруу,  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди аралыктан окутуу, Улуттук кадр резерви жана конкурстук тандоо модулдары тууралуу маалыматтар камтылды.

Жыйындын аягында Астана ХАБынын Консультативдик Кеңеши түзүлүп, анын курамына КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары О.С.Тарбинскийдин, Башкаруу комиссиясынын курамына КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А.Т. Насыровдун талапкерлиги сунуш кылынды.

Жыйынындын эң маанилүү милдети – электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча практиктердин альянсын түзүү болду. Бул үчүн эксперттик кеңеш түзүү чечими кабыл алынып, ал эксперттик топко И.Ж. Шаршенованын талапкерлиги сунуш кылынды.