Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык өнүгүү жана кызматташтык мамлекеттик агенттигинин ортосунда адам ресурстарын өнүктүрүү чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин стратегиялык өнөктөштүк боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилери ар түрдүү тармактарда болгон кызматташууга, маанилүү макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюшту.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык өнүгүү жана кызматташтык мамлекеттик агенттигинин ортосунда адам ресурстарын өнүктүрүү чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.