Мамлекеттик кадр кызматынын директору Корея эл аралык кызматташтык агенттигин өкүлдөрү менен жолугушту

Мамлекеттик кадр кызматынын директору А. Мадумаров Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Бишкектеги офисинин башчысы О. Донгильди кабыл алды.

Жолугушууда кызматташтыктын алкагында эки тараптуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана келечектеги пландар тууралуу талкууланды. Мамлекеттик кадр кызматы KOICA менен 2016-жылдан бери активдүү иштешип келет. Мамлекеттик кадр кызматынын директору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди өнүктүрүү үчүн бардыгын даяр экендигин баса белгиледи.

Азыркы учурга чейин үч жүздөн ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Корея республикасынан билимин жогорулатып келишкен.