Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы компьютердик тестирлөөдөн өтүү боюнча усулдук көмөк көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында компьютердик тестилөөдөн өтүү боюнча кеңештик -усулдук  бөлмөлөр уюштурулду.

    2016-жылдын 27-апрелинде  бул бөлмөлөрдү ачуу аземи болуп, ага Кадр кызматынын директору Н.Момуналиев катышты.

    Өз сөзүндө ал өлкөбүздүн жарандарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө  усулдук жардам уюштуруу конкурстук процедуралардын ачыктыгын камсыз кылууга багытталган чаралардын бири экендигин белгиледи. Бул жерде мамлекеттик же муниципалдык кызматка өтүүнү каалагандарга Кадр кызматынын адистери  компьютердик тестирлөөнүн  тартибин түшүндүрөт жана сыноо тестинен өтүүгө мүмкүнчүлүк  беришет.

  Талапкерлерге мындай жардам көрсөтүү компьютердик тестирлөөнүн ачык-айкын болуусуна, ошондой эле коомчулуктун  Кадр кызматына карата ишениминин жогорулоосуна шарт  түзөт.

   Компьютердик тестилөөдөн өтүү маселелери боюнча каалоочулар төмөндөгү дарек боюнча кайрылса болот: Исанов көчөсү 57, №216 кеңештик-усулдук бөлмө, байланыш телефону – 61 10  11;

   Ушундай эле кеңештик-усулдук бөлмө Ош шаарындагы аймактык өкүлчүлүктө да  иштейт.