Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда жактырылды

2016-жылдын 21-апрелинде Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоору жыйынга  катышкан парламентарийлер тарабынан бир добуштан колдоого алынды. Учурда документти Кыргыз Республикасынын Президентинин кол коюуусуна   жөнөтүү  боюнча  иш-аракеттер  аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, Кыргыз  Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы  тарабынан көз карандысыз эксперттердин катышуусу жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен даярдалган.

Мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадрларды тандоо тутумун, кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн сапатын  жогорулатууга өбөлгө боло турган материалдык жана моралдык мотивациялоо механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган.