Кеңеш КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктеги статс-катчылык бош кызматка бир да талапкерди сунуштабады

Мамлекеттик кадр кызматынын  директору Акрам  Мадумаровдун  төрагалыгы  менен Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. 

Анда Кеңеш бир катар маселелерди карап,  ошондой эле  КР Өкмөтүнө караштуу  Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жана этностор аралык  мамилелер боюнча мамлекеттик  агенттиктеги  статс-катчылык ваканттык бош кызмат ордуна  ат салышкан талапкерлер менен баарлашуу сынагын өткөрдү.

Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы  менен баарлашуу сынагына катышууга  2 талапкер  укук  алган.

Баарлашуу сынагынан  кийин Кеңештин мүчөлөрү  бул кызматка  дайындоо үчүн талапкерлердин бирин да сунуш кылбоо чечимин  чыгарды.