Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишмердүүлүгүн баалоо тутуму талкууланды

Бүгүн, 2017-жылдын 4-октябрында КРнын Мамлекеттик кадр кызматында Кореянын “Койка” эл аралык кызматташтык агенттигинин “Кореянын бүткүл дүйнөлүк достору” долбоорунун кеңешчиси Мён-ки Ким мырза семинар өткөрдү.

СеминарКыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин ишин баалоо тутуму жана аны жакшыртуу боюнча сунуштар” деген  темада болуп, ага Мамлекеттик кадр кызматынын бардык кызматкерлери катышышты.

Семинарды  КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору А. Мадумаров ачты. Ал “ Мен  буга чейин Мён-ки Ким мырзаны кабыл алып, анын  кадр кызматындагы иш-пландары менен таанышкам, бүгүн ал баалоо тутуму боюнча өзүнүн  эмгегин сиздерге сунуштайт, активдүү катышыңыздар ”,- деди . 

Семинарда Мён-ки Ким мырза кадр кызматынын  ишмердүүлүгү, баалоо системасынын критерийлери жана аны мындан ары да жакшыртуу боюнча эксперт катары жеке ой-пикирлерин айтты. Андан кийин семинардын катышуучулары ага кызыккан суроолорун  беришип,  тийиштүү жоопторду алышты.