Тарыхый маалымат

      Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органды түзүү Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматтын калыптандышы менен түздөн-түз байланыштуу.

      Биздин өлкөбүз эгемендүүлүккө жетишкенден кийин, тийиштүү түрдө мамлекеттик кызматтын советтик моделин кайрадан уюштуруу, анын уюштуруучулук-укуктук базасын жана иш тажрыйбасын реформалоо зарылдыгы пайда болгон. Буга байланыштуу 1996-жылы - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызматтын негиздери жөнүндө убактылуу жобо, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынган.

      Мамлекеттик кызматты уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын Президент Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын карамагында болгон, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине жүктөлгөн.

      Бирок, чечүчүү роль эң жогору турган жетекчилерге гана таандык болгон, ошондуктан мамлекеттик кызматты уюштуруунун жана кадрларды тандоонун бирдиктүү тутумунун жоктугу мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө терс таасир тийгизген.

      Жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын жигердүү катышуусунун натыйжасында 2004-жылы өлкөдөгү кесиптик мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө багытталган «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ««Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу» мыйзамы кабыл алынган.

      Аталган мыйзамдарды кабыл алынышы менен  2004-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги түзүлгөн.

      Аталган органды түзүүнүн максаты – мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мыйзамдарды ишке ашыруу, тактап айтканда, кесиптик мамлекеттик кызматтын жолун жолдоочулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттик кызматка квалификациялуу кадрларды тартуу, мамлекеттик кызматчылар тарабынан өз милдеттерин натыйжалуу жана ак ниети менен аткарууга түрткү берүү, мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик кызматты башкаруу боюнча институционалдык иш-чараларды күчөтүү болуп саналат.

      Агенттикке тийиштүү ченемдик укуктук актыларды жана мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болгон бирдиктүү эрежелерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу, жумушка кирүүдө ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылган конкурстук тандоо системасын ишке киргизүү, кадрлардын улуттук резервин түзүү, мамлекеттик кызматчыларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелерин жөнгө салуу боюнча милдеттер жүктөлгөн.

      2009-жылы Агенттик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы деп түзүлгөн. 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына муниципалдык кызматтын мыйзам базасын өнүктүрүү боюнча милдеттер жүктөлгөн.

      Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы иштеп жаткан убакыттын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө олуттуу реформалар жүргүзүлүп, төмөнкү чаралар жүзөгө ашырылды:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматка конкурстук тандоо системасы;

- мамлекеттик кызматтын туруктуулугун жана жолун жолдоочулугун камсыз кылуу инструменти катары статс-катчылар институту ишке киргизилди;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин декларациялоо системасы;

- мамлекеттик программанын жана мамлекеттик заказдын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун, квалификациясын жогорулатуунун үзгүлтүксүз системасы;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо системасы;

- муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн жаңы системасы;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча эл аралык жана донордук уюмдар менен кызматташуу боюнча байланыштар орнотулду.

      Акыркы 3 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүүгө жана реформалоого багытталган 50дөн ашык ченемдик укуктук акт иштелип чыкты. Алар Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү жарлыктары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актылары менен бекитилди.

      Учурдагы талаптарга жараша жаңы ченемдер киргизилип, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын жаңы долбоору иштелип чыкты. Бул мыйзамдолбоор азыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи окуудагы кароосунда турат.

 

  

 

Мамлекеттик кызматты өтөө бөлүмү

 

  1. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
    (2004-жылдын 11-августу №114);

  2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын топторуна
    типтүү квалификациялык талаптар
    (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)

  3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу Жобо 
    (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №392, 2014-жылдын 2-июлундагы № 366, 2014-жылдын 31-июлу № 428 токтомдорунун редакциясына ылайык)
  4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чендерди берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо 
    (КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17, 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

  5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоонун тартиби жөнүндө Жобо 
    (КР Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 257, 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17, 2014-жылдын 24-июнундагы № 144,2015-жылдын 10 сентябрындагы № 181 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Мамлекеттик кызматка тапшуруу тартиби